Мандарин эмнеси менен пайдалуу?

Мандарин эмнеси менен пайдалуу?
18-Янв. 2018, Бейшемби, 10:26

Мандарин кышы бою бизди өзүнүн витаминдери менен багып чыгары белгилүү. Бирок мандарин жөнүндө кеңири маалыматка ээ эмеспиз. Мисалы, көбү эмнегедир акыркы мезгилде Кытайдан келген азык-түлүктөрдөн баш тарта баштады. Ал эми, биздин мандариндин түпкү ата-теги дал ушул Кытайдан.

Алгач, бүтүндөй Азияга атагы таанылганы анын кыштын ызгаардыгына туруктуулугу болгон. 19-кылымдын башында Европанын жашоочулары мандарин менен таанышып, андан ары баарына билинип, ага болгон суроо-талап күн санап көбөйөт.

Мандариндер төмөндөгү витаминдерге ээ: В, А жана Р группасынын витаминдери, аскорбин кычкылы, минералдык туздар ж.б. Ошол эле учурда, кээ бир оорукчан адамдарга мандарин жегенге болбойт. Анын ичинде ашказан жана он эки эли ичегиде жарасы болсо, гастритте, же цитрустук жемиштерге аллергия барларга да каршы көрсөтүлөт.

Пайдалуулугу жөнүндө айтсак, мандариндин ширеси дененин температурасы көтөрүлгөндөргө, суусуну канбагандарга жана астма менен бронхит оорулууларга жардам берет. Ушул эле ширени териге сүртсө, ар түрдүү грибокту дарылаганга көмөк көрсөтөт.

Мандариндин кабыгынан жасалган тундурмалар тамакка болгон табитти ачат. Ал эми, кайнатмасы жөтөлдү дарылайт. Мандаринден алынган эфир майы косметологияда эң мыкты депрессиядан кутулуучу жана көңүлдү көтөрүүчү каражат катары белгилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!