Бинди деген эмне?

Бинди деген эмне?
5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:22

Индиялык аялдардын маңдайындагы кызыл боёк «бинди» деп аталат. Ал аял адамнын индуизм динин тутунганын жана аялдын турмушка чыкканын билдирет. Бинди жаркын келечектин белгиси болуп саналат жана аядын үй-бүлөдөгү ордун билдирет.

Ал эми анын так маңдайга сүйкөлүшүнүн да өз мааниси бар. Эки каштын ортосунда «үчүнчү көз» бар деп саналат. Анда акылмандуулук жашырылган имиш. Ошону менен катар бинди аялдын аялдык энергиясын сактайт деген түшүнүк калыпташкан. Турмуштагы келин үчүн бинди эң алды менен ийгиликтин символу болуп саналат.

Азыр биндини түштүк жана түштүк-чыгыш Азия аялдары жашы менен даражасына карабастан сүйкөп келишет. Кызыл түс гана эмес, башка түс менен да анын ордуна мончок да такса болот. Батыштын көпчүлүк ырчылары өздөрүнүн стилине өзгөчөлүк берүү үчүн биндини кошумча элемент катары да колдонуп келишет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!