Имбирь чайынын ден соолукка пайдасы

Имбирь чайынын ден соолукка пайдасы
6-Фев. 2018, Шейшемби, 11:06

Имбирь иммунитетиңизди бекемдеп, тамак-аш сиңирүү жолдорун жакшыртып жана түрдүү ооруларга каршы күрөшүүчү өсүмдүк түрү. Анын курамына өзгөчө дем берип, жыпар жыттанган джинжерол, зингерон, шогаол сыяктуу бир нече эфир майынын түрү кирет. Ал эми бул майлар бактерияга, вируска жана экземага каршы активдүү күрөшөт. Ошону менен катар имбирдин тамыры да иммунитетиңизди алсыратпай, сергек кылып, жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алат.

1. Имбирь өсүмдүгү башыңыз ооруганда, суук тийгенде, сасык тумоого чалдыкканда, керек болсо булчуң эттериңиз ооруган учурда да көп жардам берет. Бул өсүмдүктүн курамындагы пайдалуу заттар денеңиздин ооруксунусуна жол бербейт.

2. Имбирди күндө пайдалансаңыз иммундук системаңызга да таасир этет. Анткени анын курамында иммунитетиңизди бекемдеп, көптөгөн илдетке каршы күрөшүчү антиоксиданттар бар.

3. Бир стакан имбирь чайынын өзү мээнин кан айлануусунун бузулушунан сактайт.

4. Ошондой эле имбирь кан айлануу системасына да пайдасы мол. Ал сиздин организмиңизди витаминдер менен минералдарга байытат.

5. Имбирь чайы сасык тумоону козгочу вирустарды өлтүрөт.

Ал эми ал чайды кандай даярдайт десеңиз: - 1 стакан суу;

- ¼ чай кашык майдаланган имбирь;

- ¼ чай кашык куркума;

- бал керек.

Даярдоо жолу:

Сууну кайнатып, ага имбирь менен куркуманы кошуңуз. Жакшылап аралаштырып, 10 мүнөткө тыныктырып коюңуз. Андан кийин бал кошсоңуз болду. Суусундук даяр. Имбирден чай жасап ичүүнү адатка айландырыңыз. Бул суусундук сизди ар дайым сергек сездирип, түрдүү оорулардан арыласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!