Уюлдук телефонду колдонуу эрежеси

Уюлдук телефонду колдонуу эрежеси
7-Фев. 2018, Шаршемби, 11:47

1. Коңгуроого 4 секунддан кийин жооп бериңиз, анткени ага чейинки маалда электромагниттик толкундардын таасири өтө күчтүү болот жана тарайт.

2. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонду кулактын түбүндө кармап туруп өчүрбөңүз, себеби өчүргөн кезде толкундар заматта кулакка тарайт.

3. Чагылган тийип кетүү коркунучу жогору болгондуктан, мүмкүн болушунча жаан жааган учурда уюлдук телефонду иштетпей туруңуз, анткени магниттик күчү көбүрөөк болот.

4. Телефон менен эң узак дегенде 15 мүнөттөй сүйлөшүңүз.

5. Уктаган кезде 1,5 же 2 метр алыс жерге коюу керек.

6. Чөнтөктөн башка, сумкада же колуңуздан таштабасаңыз “чехолго” салып жүрүңүз.

7. Телефон менен төшөккө жатпаш керек. Нерв системасына терс таасир берип, уйкуну бузат. Эртең менен баштын жана белдин ооруп калуусу толкундун таасиринен улам.

8. Телефонду моюнга илип алып, шымдын же пиджактын чөнтөгүнө салып жүрүүгө болбойт. Толкундар ички органдарга зыян алып келет.

9. Кош бойлуу аялдар телефонду колдонбой эле койгону жакшы, себеби аларга толкундар өтө көп тарайт.

10. Мүмкүн болушунча балдарга телефонду колдондурбаган оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!