Үтүктүн бетин кантип тазаласа болот?

Үтүктүн бетин кантип тазаласа болот?
14-Март 2017, Шейшемби

Тактардын себебинен үтүктүн бетиндеги тешиктер жабылып, ал кийимдерге так калтырып күйгүзүп жараксыз абалга алып келет.

Үтүктүн көп убакыт кызмат кылуусу жана кийимдерде так калбашы үчүн анын бетин тазалап туруу керек.

Үтүктү оңдоодо:

Үтүктүн асты жабышса, үтүктү жогорку температурада ысытуу керек. Ысыгандан кийин үтүктү сууруп алып таманын калың кагазга сүртүү кажет.

Үтүктүн бетине так турса, ага уксуcду тамчылатып кебез менен же болбосо уксуcга сода кошуп сүртүп көрүңүз

Бетиндеги тешиктерде тактар болсо, кулак тазалагычтын жардамы менен кетирүүгө болот. Бул үчүн да уксуз кислотасын колдонсоңуз болот.

Үтүктүн суу куюлучу кутусуна кирлер топтолсо, кутуга суу толтуруп ичине уксуз кошуңуз, буу чыкканчакты ысытып, ушундай эле ысыктыкта уксусу жок сууну ысытып тактардан кутулуңуз.


Көңүл буруучу нерселер:

Үтүктө пайда болуучу тактарды алдын алуу үчүн, ичүүчү сууну жана үтүк суусун колдонуу керек. Үтуктөп бүткөндөн кийин суу куюучу кутуну бошотуп коюу менен тактардын пайда болуусун алдын алабыз. Үтүктүн таманы үчүн атайын жабышып, күйгүзүүдөн сактоочу керамикалуу каражат колдууга болот. Бул ыкмаларды колдонуу менен сизге үтүгүңүз көп убакыт кызмат кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!