Дарыгерлер: ысык чай ичүү өтө кооптуу

Дарыгерлер: ысык чай ичүү өтө кооптуу
16-Фев. 2018, Жума, 10:11

Ичимдик ичүү менен тамеки чегүү менен бирликте ысык чай ичүү кызыл өңгөч рагынын пайда болуусуна беш эсе чейин артыраарын кытай дарыгерлери далилдеп чыгышты.

Алардын айтуусу боюнча, 65С кайнаган чайды ичүү учурунда кызыл өңгөчтүн кемирчеги термалдуу зыян чегүүсүнө байланыштуу ичимдик менен тамекинин курамындагы зыяндуу заттардан коргоочучу бөлүгүнөн айрылат.

Ошентсе да изилдөө натыйжалары кооптуу көрүнгөнү менен чай ичүүдөн баш тартуунун кажети жок. Анткени чайды 65 Сдан төмөн температурада ичсек болот.

Ал эми изилдөө натыйжаларына таянсак, зыяндуу шишикке 60 же 70 жаштан ашкан адамдар көбүнчө чалдыгышаары байкалган.

Башында ден-соолукта эч кандай өзгөрүү байкалбаса, артынан ашказандагы кыжылдоосу, табиттин жоголушу жана арыктоо сыяктуу оорулардын белгилери пайда болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!