Компьютер көз айнегин кантип тандайбыз?

Компьютер көз айнегин кантип тандайбыз?
20-Фев. 2018, Шейшемби, 16:11

Кээ бир адамдар күнүнө 8-10 саат убакытын компьютер алдында өткөрүшөт. Биз компьютер мониторунун алдында жумуш иштейбиз, окуйбуз, эс алабыз жана бул биздин организмибизди «жазасыз» калтырбайт. Монитордун зыяндуу таасиринен көзүбүздү коргоо үчүн адистер компьютер алдында атайы көз айнек кийүүнү сунушташат.

Компьютерге арналган көз айнек тандоонун алдында төмөнкү эрежелерди эске алган оң.

Көз айнекти жумушуңуздун түрүнө байланыштуу тандаңыз. Эгер сиз ар дайым тексттер менен жумуш иштесеңиз, контрасттуулукту кармаган жана жарым жартылай тондуу болгон көз айнек керек.

Эгер графика менен иштесеңиз, түстөрдүн берүсүн жакшыртуучу көз айнек тандаган жакшы.

Эгер компьютерде оюн ойноо менен алектенсеңиз, жарык (обьектив) линзасы бар көз айнек кажет.

Көпчүлүк дүкөндөрдө заманбап линзасы бар көз айнектер сатылат. Сиздин жумушуңуздун түрүнө байланыштуу атайы көз айнек алгыңыз келсе, алгач бир нече оптиканы аралап чыгууңуз керек.

Көз айнек сатып аларда көз дарыгеринен кеңеш сураган жөн. Дарыгер көзүңүздүн көрүүсүн текшерип көрүп, кандай көз айнек керек экенин айтат. Компьютерге арналган көз айнекти оптикадан же болбосо дарыканадан алган оң. Сатуучуда милдеттүү түрдө товардын документтери болушу абзел. Көз айнекке арналган сапаттуу линзалар Германия, Швейцария жана Японияда чыгарыларын эсиңизде сактай жүрүңүз.

Эгер күнү бою көз айнектен көзүңүз чарчабаса, ал көз айнек сизге ылайыктуу дегенди билдирет. Эгер ыңгайсыздык жаратып, көзүңүз ооруп, кычышса тандоодо жаңылышкансыз же товардын сапатсыздыгын көрсөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!