Геран гүлү бажырайып ачылсын десеңиз

Геран гүлү бажырайып ачылсын десеңиз
21-Фев. 2018, Шаршемби, 12:31

Геран гүлүн мурун ар бир үйдүн терезесинен көрүүгө болоор эле, ал эми азыр аны кездештирүү кыйын. Көпчүлүк анын жытын жактырышпаса, башкалары декоротивдүү жалбырак өсүмдүктөрүн жакшы көрүшөт.

Чындыгында геран гүлүн үйдө өстүрүү өтө пайдалуу. Жалбырактарынан чыккан эфир майлары бактериялар менен вирустарга табигый тоскоолдук жаратып, алар күрөшөт.

Жыл бою гүлдөп турган герани гүлүн өстүрүүнү каалайсызбы? Гүлдүн күчтүү, күн нураларына күйүп калбоосун, ысыкты оңой кабылдап жана оорубасын десеңиз төмөнкү пикирге кулак салыңыз.

Ал үчүн:

Суу — 2,7 л
Ачыткы (дрожь) — 100 г
Шекер — 0,5 стакан

Даярдоо ыкмасы:

Үч литрлик банкага 2,6-2,7 л хлору жок суу алыңыз.

Жылуу сууда

Ачыткыны жулуу суу менен аралаштырып, андан кийин шекер менен бирге банкага кошуңуз.

Банканы марли менен жаап, жылуу жерде сактаңыз. Анда-санда чайкап туруңуз.

Ачыган кезде аралашма даяр болот. Ушундан кийин бир стакан аралашманы 10 литр сууга аралаштырып герань гүлүнө 1 стаканга эки жумуда бир жолу куюп туруңуз.

Жакшы сапаттагы ачыткы алууңуз кажет. Камырга арналган кургак ачыткы албаңыз. Баарынан самагон ачткан ачыткылар жакшы натыйжа берет.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!