Телефондун кубаты узак убакыт иштесин десеңиз

Телефондун кубаты узак убакыт иштесин десеңиз
28-Фев. 2018, Шаршемби, 11:22

Уюлдук телефондун кубаты анын эң алсыз жери. Өзгөчө “Apple” чыгарган смартфондорду көтөргөндөр үчүн бул ар дайым эле кездешүүчү көйгөй. “Android” системасындагы телефондордун кубаты чыдамдуу деген менен сиздерге эки система учурунда туруктуу кубат көзүн узак сактоого арналган бир нече кеңеш сунуштайбыз.

Кабарландырууну өчүрүңүз

Вибрацияны алып таштаңыз

“Bluetooth” менен “GPS” программаларын да өчүрүңүз

“WiFi” жана “3G/LTE” керек болгон гана учурда күйгүзүңүз

"Авиарежим" белгисин басып коюңуз (бул телефонду кубаттаган учурда керек болот)

Экрандын жарыгын азайтып коюп жүрүңүз. Мындан сырткары автоматтык түрдө жаңылоо жасоо программасында до өчүрүп таштаңыз. Себеби булардын баардыгы интернет аркылуу иштегендиктен, автоматтык түрдө кызматын аткарат жана кубатты коротот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!