Зер буюмдарын кандай күтүү керек?

Зер буюмдарын кандай күтүү керек?
2-Март 2018, Жума, 14:45

Күмүш

Күмүш карарып, баштапкы калыбынан тез өзгөрүп кетери баарыбызга маалым. Жылтыратып, кайра калыбына келтирүү үчүн күмүштү катуу кездемеге (кийизге сүйкөсөңүз, натыйжага тез кол жеткиресиз) сүйкөңүз.

Алтын

Өзүбүздүн сүйүктүү зер буюмубуз тез эле өңү өчүп, бетине жука май катмары пайда болот. Аны кетирүү үчүн эң алгач самын сууга эзип, ал сууга алтын буюмдарын салып коюңуз. Бир аз убакыттан кийин тиш жууган щетка менен жакшылап сүртүп, жууп чыгыңыз. Эгер зер буюмуңуздун өңү баштагыдай жылтырата албасаңыз, алтынды жууганга арналган атайы суюктуктарды колдонуңузга болот. Атайы суюктукту зер буюмдар дүкөнүнөн таба аласыз.

Бермет (жемчуг)

Берметтен жасалган зер буюмдар өтө саркеч жана баалуу көрүнөт. Ошого байланыштуу бул асыл ташты жакшы күтүү керек. Тоголок шурулары кирдебесе да алар тизилген жиптери карарып, бермет өзүнүн кооздугунан айрылат. Ошондуктан үч жылда бир жолу берметтер тизилген жипти алмаштырып туруу керек. Атайы зергерлердин жардамысыз өз алдынча жасоого аракет кылбаңыз.

Платина

Платина – көп чыгым менен күчтү талап кылган өтө мыкты, ишенимдүү металл. Тазалоо үчүн самын кошулган суу менен же алтынды жууганга арналаган атайы суюктук менен жууңуз.

Зер буюмдарыңызды ашкана содасы менен, уксус менен, кир жууганга арналган айна менен тазалайм деп «бузуп» албаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!