Алма кыйыштырууну үйрөнөбүз!

Алма кыйыштырууну үйрөнөбүз!
6-Март 2018, Шейшемби, 15:06

Жаз жарыш, күз күрөш дегендей, багбанчылыкка кам көрүү учуру келип турган чагында сиздерге алма кыйыштыруунун жолдорун сунуштакмакчыбыз.

Мөмө бербеген же даамсыз, супсак алмаңыз болсо, кыйыштыруу жолу аркылуу өзүңүзгө жаккан сортко өзгөртүп алсаңыз болот. Бул үчүн жаңы көчөт отургузуп, анын мөмө байлашын жылдап күтпөйсүз. Аймакты көп ээлебеген менен алманын арбын түрүн ала аласыз. Алма кыйыштырууну операция менен салыштырууга болот, андыктан ага өтө кылдат жана аяр мамиле жасоо керек. Эгер алгач ирээт кыйыштырууну колго алып жатсаныз, төмөндөгү кеңештер сиз үчүн.

Адатта алма кыйыштыруу жазгысын эки жол менен жүргүзүлөт. Биринчи жолу калемчелери менен, экинчиси бүчүрлөрү аркылуу. Учурда калемчелери менен кыйыштыруу кеңири колдонулат. Ошондуктан кыйыштыруунун ушул жолун баяндайбыз. Жаракат алган алмаларды ордуна келтирүү, жаман сортту түшүмдүү жана даамдуу сортко алмаштыруу үчүн кыйыштыруунун ушул жолун колдонсоңуз ыңгайлуу.


Калемче менен кыйыштырууда сизге керектүү нерселер:

-Алма бутагына орнотуулучу түз талча (2-3 бүчүрлүү);

-Курч жана чакан араа;

-Бычак;

-Полиэтилен пленкасы;

-Сапаттуу пластилин же сууга аралаштырылган коюу ак топурак.

Бутакка жалгануучу талчаны кыштын башында дарак өсүүсүн токтоткон кезде кесип даярдап коюу туура, бирок жаздын башталышы менен деле тоң чыкканча камдаса боло берет. Тандоодо абалы түзүк алманын бутагынан өйдө карай түз өскөн 30-35 см узундуктагы бутакчасын курч бычак менен түбүн кыйшык жана учтуу кылып кесип аласыз. Эгер кыштай сактай турган болсоңуз талчаны жер төлөдө нымдуу кумга ылдыйкы бөлүгүн көмүү менен сактасаңыз болот. Ал эми мүмкүнчүлүк болсо, муздаткычка деле нымдуу чүпүрөккө ороп, сактаса болот.


Ишке киришүүдөн мурда колуңузду самындап таза жууңуз, колдонуучу шаймандар да таза болууга тийиш. Кесилген жерлерге ашыкча кол тийгизбегенге аракет кылыңыз.

Кыйыштыруу.

1-Бутакты кескен соң атайын бычак менен тазалап камдап алабыз.

2-Капталын узунунан сөңгөгүнө чейин жеткире тилинип, калемче жалгашуучу жер камдалат.

3-Бычактын жардамы менен калемче оңой кириш үчүн ачык калтырат.

4-Калемчени капталынан жантайыңкы кесип алабыз. (кесик талчанын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт).

5-Калемченин берки капталын сүрөттөгүдөй кылып учтап алуу керек, бул нерсе тилинген жерге оңой кирүүгө жардам берет.

6-Талчаны бутакка жайгаштырабыз. Жайгаштырууда калемченин сырткы кызыл кабыгы сыйрылып, көк түстөгү кабыгы калтырылат. Эки тараптын кабыктары тийишип турганына көңүл буруңуз, анткени кабык аркылуу азык айланып, бири-бирине бүтөт.

7-Ар бирин дыкаттык менен жайгаштырып бүткөн соң аба кирбегендей кылып бекитүү керек. Үй шартында бекитүү үчүн ак топурак же сапаттуу пластилин колдонулат. Анын сыртынан полиэтилен пленкасы менен жаап, жип менен байлайбыз.

Бир жумадан соң жипти алып, аба кирбегенин текшерип коюу керек. Кайра таңган кезде бошураак кылып таңып, бир айдан кийин таптакыр эле жипти алып салса болот. Антпесе жип кысып, кыйыштырган алма куурап калышы мүмкүн.

Бир жыл ичинде киши бой болуп өсүп, 4-жылы мөмө бере баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!