Бут кийим кутусундагы баштыкчаларды таштабаңыз

Бут кийим кутусундагы баштыкчаларды таштабаңыз
14-Март 2018, Шаршемби, 16:18

Бут кийим алганда анын кутусунун ичинде кичинекей кагаз баштыкчаларын көрөбүз. Аларды жөн эле салып койбойттур, кандайдыр бир пайдасы бар чыгаар. Бирок көпчүлүгүбүз ага маани бербей таштандыга ыргытып жиберебиз.

Бул диоксид кремний толтурулган баштыкчалардын кургатуучу касиети бар. Ал эми анын үй шартында кандай пайдалуу жагы бар десеңиз төмөндөгү маалыматка көңүл буруңуз:

1. Кээде өзгөчө, жаан-чачын болгон күндөрү кийимдерибиз нымдашып калат. Ошол кезде кийим салынган шкафка, шифоньериңизге ушул баштыкчалардын бир нечесин салып койсоңуз, ал нымды өзүнө сиңирип алат.

2. Унааңыздын терезелери бууланса унаанын алдыңкы жагына ушул химиялык затты коюп коюңуз.б

3. Телефонуңузду сууга түшүрүп алсаңыз, дароо аны баштыкча салынган кутуга салып, бетин жаап коюңуз.

4. Фотоальбом сакталган кутунун ичине да бир-экөөнү салып койсоңуз, сүрөттөрүңүз эскирбей, түсүн сактап узак жылдар бою тура берет.

5. Упа, помада, устаранын сакталуу мөөнөтүн узартууга да ушул каражат жардам берет. Жөн гана алардын жанына салып коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!