Кол менен жазуунун пайдасы

Кол менен жазуунун пайдасы
15-Март 2018, Бейшемби, 14:20

Акыркы учурларда жазууңуз өзгөрүп, начарлап кеттиби? Бул заманбап технологиянын таасири: компьютер менен жазууга ашыкканыбыз ушунчалык, колго калем сап кармап жазганды унутук. Анда-санда болсо да калем алып жазып тургандын да пайдасы бар экен.

Жазуу жаңы затты үйрөнүнүн эң оңой жолу. Керектүү маалыматты көчүрүп жазуу-аны эске сактоонун бирден-бир ыкмасы. Кол менен жазуу процесси ошол маалыматты сүзгүчтөн өткөрүп, аны маанилүү деп эсептеп, узакка эске сактайт.

Жазуу ойлонууга өбөлгө түзөт. Көптөгөн белгилүү жазуучулар чыгармаларын компьютер менен эмес, кол менен жазганды жактырышат. Болбоду дегенде алгачкы ойлору менен сюжетти кагаз бетине кол менен түшүрүү аркылуу оюн жыйнактап алышат. Жазган учурда керектүү ойлор тез келип, жеңил баяндалат. Ошондой эле, ойдун ылдамдыгы менен жазуу ылдамдыгы бирдей болуп, ал компьютерге терилген маалда ойлор чаташып кетет.

Жазган учурда ашыкча алаксыбайсыз. Кол менен жазууну компьютер менен салыштырган болсок, кол менен жазуу башка ойлор менен сырткы дүйнөлөргө алаксууга жол бербейт. Ал эми компьютер менен жазсаңыз, интернетке, видеолорго көңүл буруп, оюңузду толуктай албай кыйналууңуз мүмкүн.

Жазуу-мээнин машыгуусу. Бул машыгуу аркылуу мээңизди эрте картаюудан сактай аласыз. Жазган учурда идеялар пайда болуп, эс тутумга да жакшы таасир берет. Ошондой эле кол менен жазуу аркылуу жаңы тилди үйрөгөн оңоюраак экени далилденген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!