Япондордун жаштыгынын сыры эмнеде?

Япондордун жаштыгынын сыры эмнеде?
23-Март 2018, Жума, 10:11

Япондор да тамак жегенди жакшы көрүшөт, бирок ошетсе да алардын арасынан ашыкча салмак менен ооруган адамды кездештирүү кыйын. Арык болуу организмдин чыдамдуулугу «кан менен келет» деген сөз бар. Бул жаңылыштык.

Себеби күн чыгыш өлкөсүнүн тургундары да ар бир адам сыяктуу ашыкча салмакты тез жыйнашат. Анда сыр башка нерседе.

Японияда күрүч, балык, соя, деңиз азыктары менен жер-жемиштер өтө көп желет. Бир караганда алар жеген тамак турлөрүнүн саны чектелүү көрүнүшү мүмкүн. Бирок япондуктардын менюсу европалыктардыкына караганда өтө бай келет.

Дүйнөдөгү эң улгайган адамдын бири Дзироэмон Кимуранын айтуусу боюнча, узак өмүр сүрүүнүн сыры - тамактанууда.

Ал өмүр бою тамакты аз-аздан жеп, бир аз ачка бойдон дасторкон үстүнөн туруп кетет. 10-20 мүнөттөн кийин тойгонун сезет.

Япондор күрүчтү кайнатып же бууга бышырышат. Кайнаган күрүч даамын да, курамындагы пайдалуу заттарды да сактап калат. Ошондой эле алар кетчуп, майонезди өтө аз колдонушат. Анын ордуна соя сыяктуу табигый татымалдарды колдонууну туура көрушөт.

Япондуктардын арык болушунун башкы себеби нан жебегенинде. Эртең мененки тамакка куймак, майлуу тамактарды жешпейт. Анын ордуна күрүч, шорпо, балык даярдашат.

Суусундук катары көк чай ичкенди жактырышат. Десертке келсек, япондор алардан баш тартышпайт. Тескерисинче аябай жакшы көрүшөт экен. Бирок башка элдердей күндө эмес, өтө сейрек жана за-аздан жешет. Ошону менен бирге алар бир орунда отура беришпей, көп жөө басуу керек деп түшүнүшөт. Унаанын ордуна велосипед айдап, лифттин ордуна тепкичти пайдаланып, ден соолуктун бекем болушу үчүн баардык аракеттерин жумшашат. Ал эми сиз мындай салт менен өмүр сүрө аласызбы?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!