Балды кантип туура сактоо керек?

Балды кантип туура сактоо керек?
24-Март 2018, Ишемби, 13:21

Балдын сакталуу мөөнөтү чексиз. Болгону аны муздаткычта эмес, кургак шкафка сактоо керек. Кургак жерде, бөлмө температурасында сакталган бал эч качан бузулбайт.

Балды таза айнек же алюминь идишке гана сактоо керек. Жез, темир идишке куюлган бал жагымсыз даам жана жытка ээ болгондон сырткары ууланууну жаратышы мүмкүн.

Эски балдын жугу бар идишке жаңы балды куюга болбойт. Эски балдын калдыгы жаңы балды бузуп, натыйжада даамы менен жыты өзгөрүлүп кетет.

Бал куюлган банканы кескин жыттуу азыктардын катарына коюуга болбойт, бал жытты өзүнө тез сиёирип алат.

Балды күн тийбеген караңгы жерге сактоо талапка ылайык, жарык балдын сапатын начарлатып жиберет.

Тоңуп калган балды эритүү үчүн аны ысык сууга тосуп же отко коюуга болбойт. Ысытылган бал бат эле сапатын жоготуп, кыжылдап кетет.

Бал тууралуу сиз билбеген 4 факт:

1. Байыркы египеттиктер менен римдиктер балды салык үчүн төлөнгөн алтындын ордуна колдонушкан.

2. Бир чоң кашык балдагы калория ушундай эле өлчөмдөгү кумшекерге караганда 18ге көп.

3. Бир аары өзүнүн өмүрүнүн аягына чейин 0,8 грамм бал жыйнайт.

4. 500 грамм бал топтоо үчүн аарылар бүткүл жер шарын толук айланып чыгышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!