Плоггинг – жөн гана жүгүрбөй айлананы тазалоо

Плоггинг – жөн гана жүгүрбөй айлананы тазалоо
27-Март 2018, Шейшемби, 11:19

Дүйнөдө плоггинг деп аталган жаңы жаңы фитнес-тренд тарап жатат. Ал дени сак өмүр сүрүү салты менен экологиялык камкорлукту бириктирүүчү түшүнүк.

Плоггинг Швецияда пайда болду. Бул сөз жүгүрүү учурунда таштанды жыйноо ("plog" сөзү швед тилинен "соко" деп которулат) дегенди билдирет. Бул трендге бир нече европалык өлкөлөр да кошулду.

Плоггинг менен алектенүү үчүн эмне кылуу керек?

– Жүгүргөндө өзүңүз менен бирге баштык ала чыгыңыз;

– Ага жолдон көргөн таштандыларды салыңыз;

– "Олжоңузду" сүрөткө тартып, башка да адамдарды ушул ишке чакыруу максатында #plogging хэштеги менен социалдык желелерге жүктөңүз.

Плоггинг бир ок менен эки коёнду атууга жардам берет. Жөнөкөй жүгүрүү экологиялык акцияга айланып кетет. Ага кошо, жүгүрүү менен ашыкча салмактан арылууга, ден соолукту чыңдоого өбөлгө түзөт.

Азыркы учурда шаарыбызды таштандылардан арылтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан ишембиликке карата жакшы акция болчудай. Дүйнөдө болуп жаткан акцияны колдоп планетабызды таштандылардан чогу тазалайлы!


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!