Неймар кайрадан жаракат алдыбы?

Неймар кайрадан жаракат алдыбы?
20-Июнь 2018, Шаршемби, 11:32

Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар кайрадан жаракат алды. Бул тууралуу readfootball.com сайты жазууда.

Маалыматка ылайык жаңы эле калыбына келген атактуу футболчу машыгуу учурунда оң буту катуу ооруп, футбол талаасын аксап чыгып кеткендиги айтылууда.

Неймар Швейцария менен болгон беттешүүдө да бир канча жолу жыгылган. Оюн 1:1 эсебинде теңме-тең аяктаган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Неймар 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, бутунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, Бразилияда операция жасаткан.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!