​Хорватия командасы Аргентинаны 3:0 эсебинде жеңди

​Хорватия командасы Аргентинаны 3:0 эсебинде жеңди
22-Июнь 2018, Жума, 02:57

Орусияда өтүп жаткан дүйнө футбол чемпионатынын тогузунчу күнүндө Хорватия курама командасы Аргентинаны 3:0 эсебинде жеңди. Бул жеңиши менен Хорватия курама командасы 1/8 финалына чыкты.

Оюндун 52-мүнөттүндө Хорватиялык жарым коргоочу Анте Ребич эсепти ачты. Андан кийин 79-мүнөттө экинчи голду Лука Модрич, 90-мүнөттө үчүнчү голду Иван Ракитич киргизди.

Муну менен Хорватия курамы 6 упай алып, 1/8 финалына жолго чыкты. Ал эми Аргентина курама командасынын 1 упайы бар. Аргентина курама командасы 16-июнда исландиялыктар менен болгон оюнда упай жоготушкан (1:1).

Аргентиналык атактуу футболчу Лионель Месси экинчи жолу гол киргизе албады. Исландиялыктар менен болгон беттешүүдө пенальти менен гол киргизе албай калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!