Аргентина фанаттары Сампаолиге бөтөлкө ыргытты

Аргентина фанаттары Сампаолиге бөтөлкө ыргытты
22-Июнь 2018, Жума, 10:17

Аргентинанын фанаттары Сампаолиге бөтөлкө ыргытышты.

Аргентинанын футбол фанаттары Дүйнө чемпионатындагы Хорватия менен ийгиликсиз өткөн мачтан улам, башкы тренер Хорхе Сампаолини опузалап, суусу бар бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Бул туурасында Diario26.com сайты кабарлады.

Булак маалыматтарына таянсак, качан гана хорватиялык футболчу 80-мүнөттө 2:0 эсебинде гол киргизгенден кийин гана Сампаолиге карата шылдыңдоолор башталган.

Ал эми суусу бар бөтөлкөлөрдү, качан гана Иван Ракитич үчүнчү голду киргизгенден кийин башталган. Футбол оюну Нижний Новгород шаарында өткөн жана 43 319 миң көрүүчү катышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!