Аргентина футболчулары машыктыруучусун “Кетсин” дешүүдө

Аргентина футболчулары машыктыруучусун “Кетсин” дешүүдө
22-Июнь 2018, Жума, 13:12

Чемпионаттын экинчи айлампасында Хорватиядан жеңилген (3:0) Аргентина оюнчулары башкы машыктыруучусу Хорхе Сампаолинин кетүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу «Советский спорт» жазып чыкты. Маалыматка ылайык, футболчулар кийинки Нигерия менен болчу беттешүүдө машыктыруучуну алмаштырууну Аргентина футбол ассоциациясынан (AFA) талап кылышты.

Биринчи айлампада Аргентина курама командасы 16-июнда исландиялыктар менен болгон оюнда упай жоготушкан (1:1). Ал эми кечээ Хорватиядан 0:3 эсебинде жеңилишкен.

Кийинки беттешүү 26- июнда Санкт-Петербург шаарында Нигерия менен ойношот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!