​ДЧ -2018: Чемпионатка миллиондон ашык күйөрмандар катышты

​ДЧ -2018: Чемпионатка миллиондон ашык күйөрмандар катышты
23-Июнь 2018, Ишемби, 02:16

Орусияда бүйүрдү кызыткан дүйнө футбол чемпионатын 1 011 000 күйөрман катышты. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий баракчасында жарыяланды. Ушул күнгө чейин 21 беттешүү болуп өттү.

Орточо эсеп менен ар бир оюнга 50 миңге жакын көрүүчү келген. Ал эми ФИФАнын күйөрмандар аянтчасына биринчи жумада эле 2,5 миллион адам катышкан.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын15-июлуна чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышууда. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!