Бразилия курама командасы тайпалык беттешүүлөрдүн экинчи баскычында Коста-Рика менен ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул ийгилиги менен Бразилия курама командасы төрт упай алышып, “Е” группасында биринчи орунга чыкты.
Бразилиялыктар эки голду тең кошумча убакытта киргизди. Адегенде 91 мүнөттө эсепти Филипп Коутиньо ачты. Ал эми 97 мүнөттө Неймар экинчи гол менен кубанычынан ыйлап жиберди.