Лионель Месси улуттук командадан кетеби?

Лионель Месси улуттук командадан кетеби?
25-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 15:54

Дүйнөлүк чемпионатта D тобунда чыккан алгачкы эки оюндан 1 гана упай ала алган Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Мессиден расмий билдирүү келди.

Дүйнөлүк чемпионатта D тобунда ойнолгон алгачкы оюнда Исландия менен 1-1 эсебинде калган Аргентина экинчи оюнда Хорватиядан 3-0 эсебинде жеңилген.
Анда улам шок абалында калган Аргентина командасынын дүйнөгө белгилүү жылдызы Лионель Месси улуттук командадан кетет деген кептер айтыла баштаган.
24-июнда 31 жашка чыгып, туулган күнүн белгилеген Барселонанын легендарлуу адамы бул айтылгандарды жокко чыгарган билдирүү жасады. Анда Месси “Буга чейин маанилүү мелдештердин барында жеңишке жетиштим. Акыркы оюндардын жыйынтыгына абдан капаланып жатам. Өлкөм менен дүйнө чемпиону болгончо футболду таштабайм”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!