Швецариянын коргоочусу "Спартакка" өтүшү мүмкүн

Швецариянын коргоочусу
26-Июнь 2018, Шейшемби, 09:54

Швецария улуттук курама командасынын негизги коргоочусу Фабиан Лукас Шер москвалык “Спартак” командасынын кызыгуусун арттырды. Алар Шердин агенттиги менен байланышканда, Фабиандын контрактагы төлөмү 4 миллион еврону көрсөткөн.

Эскерте кетсек, Россия швецариялык коргоочуга 2016-жылдан баштап кызыга баштаган. Учурда Шер Швецариянын улуттук курамында ойнойт. Ал Бразилия жана Сербия менен болгон оюнга катышкан. Фабиан “Хоффенхаймадан” 2017-жылы “Департиво” клубуна өткөн.

Испан командасынын курамында ал 27 оюн жана 2 гол киргизген. Ал эми Швецария улуттук курама командасында 41 оюн жана 7 гол киргизгенге жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!