ДЧ-2018: Чемпионат өлүмгө жеткирди.

ДЧ-2018: Чемпионат өлүмгө жеткирди.
26-Июнь 2018, Шейшемби, 12:06

Египеттик спорттук баяндамачы Сауд Арабия беттешүүсүнө жеңилгенден кийин күйүттөн чыдабай каза болду.

Египеттик мурдагы футболчу жана“Замалека” клубунун мурдагы машыктыруучусу Абдел Рахим Мухамед “Египет-Сауд Арабия” беттешүүсүнө жеңилгенден кийин жүрөгү кармап каза болду. Ал “Nile Sports Channel” каналында спорттук баяндамачы болуп иштеп жаткан.

“Египет-Сауд Арабия” беттешүүсү 1:2 эсебинде Сауд-Арабия жеңишке жетишкен.

ӨЛҮМ СЕБЕБИ:

Спорттук баяндамачы дүйнө футбол чемпионатына баяндамачы болуп берүү үчүн чакырылган. Кесиптештеринин айтымында анын маанайы беттешүүнүн башында абдан жакшы болчу. Кийин чечүүчү гол киргенде ал катуу кайгырып,ордунан турбай калган.Ооруканада эсине келбей каза болуп калган. Дарыгерлер жүрөгү кармагандыгын айтышкан.

Египет футбол командасы үч беттешүүдө тең жеңилишкен. Алар “А” тобунда эң акыркы орунга илинген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!