Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин Кыргызстанда өткөрүү сунушталды

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин Кыргызстанда өткөрүү сунушталды
10-Апр. 2018, Шейшемби, 10:20

Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 2018-жылдын сентябрь айында Бишкекте Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитин өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчы С.Жээнбековдун 9-апрелде Түркия мамлекетине жасаган расмий иш сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

“Мен Кыргызстан аталган саммити жогорку деңгээлде өткөрөт жана иш-чаранын төрагасы катары катышуучуларга татыктуу билдирүү жасайт деп ишенем”,-деди ал.

Ошондой эле ал Жээнбековдун бул сапары эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун жаңы баскычтары боло тургандыгына ишеним билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!