​Парламент жаңы депутаттар менен толукталат

​Парламент жаңы депутаттар менен толукталат
26-Июнь 2018, Шейшемби, 10:19

Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келет. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, Исланбек Сарсеитовдун ордун Орозбек Алыбаев алмаштырат. Ал эми Нурлан Кадыкеевдин ордуна Жаныбек Исаев келиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, Исланбек Сарсейитов 25-июнда “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары кызматына кеткен. Ал эми депутат Нурланбек Кадыкеев оорудан улам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!