Жээнбеков: “Саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт”

Жээнбеков: “Саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт”
27-Июнь 2018, Шаршемби, 11:27

Саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Мамлекетти башкаруунун ачык айкындуулугун орнотуу керек. Коррупцияга каршы күрөш, мамлекеттик саясат артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Антикоррупциялык күрөштүн логикалык жыйынтыгы катары бийликтин тазалыгына, чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгына жетишибиз керек. Бул күрөштүн алгачкы натыйжасын мамлекеттик кызматтын, бизнестин, коомубуздун өзгөрө баштаганын элибиз өз көзү менен көрүп, жеке турмушунан сезиши зарыл. Антикоррупциялык күрөшкө жамынып алып, саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт”, - деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле бул каршы күрөш эч качан саясий өңүттө болбой турганын айтып, мыйзам бузууларга, эконикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!