​Парламент тарайбы?

​Парламент тарайбы?
29-Июнь 2018, Жума, 12:54

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таратылбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн бир жылдык иши тууралуу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында парламентти таратууга негиз жок.

“ЖКнын VI чакырылышы аягына чейин иштейт. Таратууга негиз жок, парламентти таратуу эл өкүлдөрүнүн да чечими менен болот. Негизи парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча так жараяндар мыйзамда көрсөтүлгөн. Биздин жумушка эл баа берет. Дагы кичине күтүш керек. Биз мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштедик деп ишенебиз”,-дейт Жумабеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!