​Парламенттин бюджети канча?

​Парламенттин бюджети канча?
29-Июнь 2018, Жума, 13:54

Жогорку Кеңеш жыл сайын 30 млн. сомго жакын каражат үнөмдөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн бир жылдык иши тууралуу маалымат жыйынында билдирди.

"Парламенттин бир жылдык бюджети 786 млн. сомду түзөт. Бюджетти 120 депутатка бөлүп, депутаттардын айлыгы мынча деп айтууга болбойт. Парламенттик аппаратта миңден ашык кызматкер иштейт. Алардын бардыгына айлык берилет. Салык, социалдык фондго төлөнөт", - дейт Жумабеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!