Жээнбеков: Бир да арыз, же кат көңүл сыртында калбашы керек

Жээнбеков: Бир да арыз, же кат көңүл сыртында калбашы керек
2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 16:58

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-июлда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында сот системасынын, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жана башка мамлекеттик органдардагы кемчиликтер, алардагы коррупциялык көрүнүштөр ачык аталып, коомчулукка чыгарылганын белгиледи. Ошондой эле ар бир мамлекеттик орган боюнча тиешелүү талдоо даярдоону апшырды.

Президент 2018-жылдын 1-июлунан тартып декларациялык кампания башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарылдыгын эскертти.

«Ар бир министрликте жана ведомстводо коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм — паракорчулукка каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө»,-деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Мамлекет башчысы ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгы калктан келип түшкөн ар бир арыз жана кат боюнча иликтеп, анын үстүндө иштеши керектигин, текшерүүлөрдү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

«Бир да арыз же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу керек»,-деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына 2018-жылдын август-сентябрь айларына пландалган жыйынга даярданууну тапшырды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашыруу тиешелүү деңгээлде жүрүп жатканын айтып берди.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР