Сооронбай Жээнбеков Астанага учуп кетти

Сооронбай Жээнбеков Астанага учуп кетти
6-Июль 2018, Жума, 09:30

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Астана шаарына Казакстандын борборунун 20 жылдыгына карата иш-чарларга катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдады.

Анда айтылгандай, визиттин алкагында мамлекет башчысы расмий ачылышы кечээ, 5-июлда болгон «Астана» Эл аралык финансылык борборуна барары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР