Жээнбеков Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Жээнбеков Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады
6-Июль 2018, Жума, 12:05

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик апппараттан маалымдады.

«Үзүрлүү эмгегиңиз жана өрнөктүү өмүр жолуңуз боордош эки элдин урматына жана колдоосуна ээ болуп келет. Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасы эл аралык аренада өзүнүн татыктуу позициясы бар, эл аралык коомчулуктун таасирдүү мүчөсү болуп калды. Тарыхый салттарга жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-казак бир туугандык мамилелер эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө өбөлгө болот деп терең ишенем»,- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 78 жашка чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!