Жогорку сот Кулматовду камакта калтырды

Жогорку сот Кулматовду камакта калтырды
10-Июль 2018, Шейшемби, 12:33

Бүгүн, 10-июлда Жогорку сотто Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдүн бөгөт чарасы каралды. Соттук коллегия камакта калтыруу чечимин чыгарганын анын жактоочусу билдирди.

Эске сала кетсек, 18-июнда экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, камакта калтыруу чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Буга чейин Кулматовдун жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна даттанган.

2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

УКМКнын маалыматына караганда, Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаардык мэриясынын карамагына "Калыс Ордо" жаңы конушунда мектеп куруу маселеси орчундуу деген жүйөө менен чыгарып кетип, мыйзамсыз колдонгон.

Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары "Калыс Ордодогу" мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.

2018-жылдын 14-июнунда Улуттук коопсуздук комитети Кулматовго жана башка тараптарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүгүндө «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» жана 346-беренесинин 1-бөлүгүндө «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» сыяктуу каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!