Башкы прокуратура Конгантиевдин ишин иликтей баштады

Башкы прокуратура  Конгантиевдин ишин иликтей баштады
13-Июль 2018, Жума, 16:20

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков башкы прокуратурага Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекет башчы 12-июлда Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», — деп белгиледи президент.

Башкы прокуратура президенттин тапшырмасына ылайык, Конгантиевге карата козголгон иш кайра каралып жаткандыгын жана иликтөө бүткөндө укуктук баа бериле тургандыгы билдирди. Ага 2010-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча иш козголгон.
Мамлекет башчы мурда токтотулган жана жабылган дагы 500дөн ашык кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

2018-жылдын 13- июнь күнү жактоочу Икрамидин Айткулов мурунку ИИМ министри Конгантиевдин аракетинде “кылмыштын курамы болгон эмес” деген негизде УКМКга арыз жолдогон. Атайын кызмат Конгантиевдин 7-апрелдеги окуяларга тиешеси жок болгондугун билдирип, жактоочунун өтүнүчү канааттандырылгандыгы боюнча расмий маалымат тараткан.

Бирок саясатчы Азимбек Бекназаров Конгантиевдин иши сотко жетпей токтоп калганын кескин сынга алса, көп өтпөй экс-президент Роза Отунбаева да үн катты. Ал бул ишке сот укуктук баа берилиши керектигин билдирип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Колду дезинфекциялоочу каражаттар, суу же самын кайсынысын тандайсыз?
​Колду дезинфекциялоочу каражаттар, суу же самын кайсынысын тандайсыз?
Акча үчүн рингге чыккан 13 жаштагы бала каза болду
Акча үчүн рингге чыккан 13 жаштагы бала каза болду
“iPhone” смартфонуңуз жай иштеп жатабы?
“iPhone” смартфонуңуз жай иштеп жатабы?
​Текебаевдин ишиндеги негизги күбө Маевский камакка алынды
​Текебаевдин ишиндеги негизги күбө Маевский камакка алынды
Ильзат Ахметовго эми “Арсенал” клубу кызыгууда
Ильзат Ахметовго эми “Арсенал” клубу кызыгууда
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?