“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга Грузиянын тажрыйбасы керекпи?

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга Грузиянын тажрыйбасы керекпи?
18-Июль 2018, Шаршемби, 15:19

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 17-июлда Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү боюнча мамлекеттик органдар менен активдүү чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, Грузиянын Ички иштер министрлигинин Биргелешкен операциялар борборуна жана Бирдиктүү тейлөө борборуна барды.

Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахария маалымдагандай «Коопсуз шаар» долбоору окуяларга ыкчам жооп кайтаруу, административдик бузууларды аныктоо жана жоюу, ошондой эле транспорттордун агымын башкаруу үчүн киргизилген. Долбоордун алкагында видео аналитикалык программалар менен жабдылган «акылдуу камералар» орнотулган. Алар ИИМдин бирдиктүү тутумуна кошулган.

Ал айдоочулардын жол коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу жана кылмыштардын бетин ачуу ыкчамдыгын жогорулатуу маселелери учурда коомдо кыйла актуалдуу экенине басым койду.

Андан соң премьер-министр Грузиянын ИИМинин Бирдиктүү тейлөө борборунун ишмердиги менен таанышты.

Грузин тараптын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын майында ишке кирген бул борбор патрулдук милицияны реформалоонун негизги компоненти болуп саналат. Жаңы борбор заманбап инфраструктура, жарандардын кезегин башкаруу тутуму, электрондук кол тамга жана маалыматтык технологиялар менен жабдылган.

Грузиянын жарандары, ошондой эле чет элдиктер мында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча патрулдук милициянын ишмердигине байланыштуу мамлекеттик кызматтардын 50 түрүн колдоно алышат. Мындан тышкары Биргелешкен операциялар борборунан түшкөн маалыматтардын негизинде өлкө жарандары жолдордогу административдик бузуулар үчүн айыптарды төлөшөт.


Мухаммедкалый Абылгазиев Грузия ИИМинин Ыкчам башкаруу борборунун «112» тез жардам кызматынын ишмердиги менен да таанышты.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, «112» кызматы калкка тез жардам көрсөтүү үчүн Грузиянын ар тарабынан күнү-түнү телефон чалууларды кабыл алат. Маалымат кабыл алынгандан кийин ал өрт өчүрүүчү-куткаруучуларга, патрулдук же медициналык тез жардам кызматтарына берилет.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине адистердин деңгээлинде бул борборлордун ишин уюштуруу тажрыйбасын дыкат изилдөөнү тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!