Канат Исаев үй камагына чыгарылды

Канат Исаев үй камагына чыгарылды
18-Июль 2018, Шаршемби, 16:18

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын депутат Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Исаевдин адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирген.

Канатбек Исаевге "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деген УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан айып тагылып, 303-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан. Жактоочулары мындай чечимге макул эместигин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

Ишти караган соттук коллегия депутат Исаевге "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!