Райондук сот Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө камакта калтырды

Райондук сот Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө камакта калтырды
19-Июль 2018, Бейшемби, 18:27

Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча, тагыраагы 29-августка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу чыгарды. Ал эми Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Мындан улам чечимге нааразы тарап шаардык сотко даттана турганы белгилүү болду.

А.Ибраимов 2018-жылдын 19-июлунда кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына киргизилген.

Буга чейин А.Ибраимов тергөө иш чараларын жүргүзүү максатында тергөөчү тарабынан бир нече ирээт чакырылган. Бирок эгерде УКМК күч менен кармай турган болсо куралдуу каршылык көрсөтөөрү туралуу коркутуу үркүтүүлөрдү айтып, тергөөчүнүн чакыруусун четке кагып келгенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады

Атайын кызмат маалымдагандай, Башкы тергөө башкы башкармалыгы тергеп жаткан бир нече кылмыш ишинин алкагында А.Ибраимовдун мыйзамсыз иш аракеттерге катыштыгы бар экендиги боюнча ишенимдүү маалыматтар алынган.

Тактап айтканда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1,2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон ТНК “Дастан” ААК жогорулатылган баада атайын каражаттарды сатып алып ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана сатып түгөтүү фактысы боюнча тергөө аракеттеринин алкагында А.Ибраимов ТНК “Дастан” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп турган учурда ТНК “Дастан” ААК коргонуу каражаттарын сатып алуу боюнча ири контрактка келишим түзүү үчүн сатуучудан сый акы катары 270 000 АКШ доллар алган.

Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча козголгон дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анын алкагында “Солнечный берег” пансионаттын ААК 100 пайыз акция пакетин сатуу аркылуу ТНК “Дастан” ААК 152 млн. сомдон ашык чыгым келтирилген.

Ошондой эле коррупцияга каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп туруп өзү жана башка тараптардын материалдык кызыкчылыгы үчүн жеке жактарга жер участокторун мыйзамсыз бөлүп колдонууга бергендиги аныкталган.

2017-жылы А.Ибраимовдун түздөн-түз тапшырмасы менен жалпы аянты 5 га болгон жер тилкелери башка тараптарга берилип, андан кийин үчүнчү тараптарга кымбат баада сатылган.

Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине байланыштуу Ибраимов Албек Сабирбекович Бишкек шаарынын мэринин ээлеген кызматынан бошотулуп, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?