Исаков 5-августка чейин камакта калтырылды

Исаков 5-августка чейин камакта калтырылды
24-Июль 2018, Шейшемби, 14:33

Жогорку сот мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 5-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сот отуруму жабык эшик артында өттү. Жыйынтыгында, Жогорку сот мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Эске салсак, Кылмыш жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!