Раимбек Матраимов Бажы кызматына кайтып келмей болду

Раимбек Матраимов Бажы кызматына  кайтып келмей болду
25-Июль 2018, Шаршемби, 10:34

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун арызын канааттандырып, мурдагы кызматына кайтып келүүгө уруксат берген чечим чыгарганы белгилүү болду.

Матраимов "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын 47-беренесинин негизинде, (Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) 23-ноябрда кызматттан алынган. Тиешелүү буйрукка ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

26-апрелде “мени негизсиз кызматтан алды” деп экс - өкмөт башчыны сотко берген. Айта кетчү жагдай, экинчи тарап аппеляциялык арыз менен кайрылса кийинки инстанциядагы сот уланышы мүмкүн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!