Шаардык сот Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө камакта калтырды

Шаардык сот Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө камакта калтырды
30-Июль 2018, Дүйшөмбү, 11:46

Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын аныктап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскертке кетсек, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Албек Ибраимовду тергөө аяктаганча, тагыраагы 29-августка чейин камакта калтырган.

УКМК маалыматына таянсак, коррупцияга каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп туруп өзү жана башка тараптардын материалдык кызыкчылыгы үчүн жеке жактарга жер участокторун мыйзамсыз бөлүп колдонууга бергендиги аныкталган. 2017-жылы А.Ибраимовдун түздөн-түз тапшырмасы менен жалпы аянты 5 га болгон жер тилкелери башка тараптарга берилип, андан кийин үчүнчү тараптарга кымбат баада сатылган.

Экс-мэр ТНК “Дастан” ишканасындагы мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар делип, Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча козголгон дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анын алкагында “Солнечный берег” пансионаттын ААК 100 пайыз акция пакетин сатуу аркылуу ТНК “Дастан” ААК 152 млн. сомдон ашык чыгым келтирилген.

Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине байланыштуу Ибраимов Албек Сабирбекович Бишкек шаарынын мэрлик кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды