Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү узартылды
1-Авг. 2018, Шаршемби, 09:38

Экс-премьер министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-октябрга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу чыгарды. Анын абактагы мөөнөтүн узартууну тергөө органдары өтүнүшкөн. Экс-өкмөт башчынын жактоочусу райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанциядагы сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

Жогорку сот буга чейинки чыккан чечимдерди өзгөртүп, 13-август эмес, 5-августка чейин камакта калтырган.

Экс-өкмөт башчы “2013-жылы Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген” деп айыпталып келет.

Бирок ал өзүнө козголгон кылмыш ишин “саясий куугунтук” катары сыпаттап келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!