Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды

Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды
1-Авг. 2018, Шаршемби, 12:19

“Ата Мекен” социалистик партиясынын мурунку лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаев дарыгерлердин көрсөтмөсү менен ооруканага которулган.

Буга чейин айрым депутаттардан түзүлгөн комиссия камактагы саясатчы Текебаевдин ден-соолугу начарлап кеткенин айтып, дарыланууга муктаж экенин билдиришкен.

№47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Текебаев 2017-жылдын 26-февралында “Манас” эл аралык аэрапортунда Стамбул шаарынан учуп келгенде кылмышка шектүү адам катары кармалган. Ал 2010-жылы “Мегаком" компаниясын көзөмөлдөөгө кызыккан жактардан өтө ири өлчөмдөгү акча каражатын алуу болгон” деген жүйөө менен “коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимди Шаардык, Жогорку сот да өзгөртүүсүз калтырган.

Бирок, Өмүрбек Текебаев өзүнө тагылган айыптоолорду “бийликтин саясий куугунтугу” катары сыпаттап келет.

Айтмакчы, аны менен бирге Дүйшөн Чотонов да камакка алынып, азыркы учурда Молдовановкадагы №27 абакта сегиз жылдык мөөнөтүн өтөп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ эскертет: Чагымчыл материал жайылткандар жоопкерчиликке тартылат
ИИМ эскертет: Чагымчыл материал жайылткандар жоопкерчиликке тартылат
Баш кийимди беттин формасына карай тандаңыз!
Баш кийимди беттин формасына карай тандаңыз!
Депозиттерди коргоо агенттигинин директору дайындалды
Депозиттерди коргоо агенттигинин директору дайындалды
Бала бакчада катталган окуя боюнча, тарбиячы жумуштан алынды (видео)
Бала бакчада катталган окуя боюнча, тарбиячы жумуштан алынды (видео)
​Ош мэриясы:
​Ош мэриясы: "Сарыбашов Россиянын жараны эмес"
Шабдан Болотбеков “Чыпалак баатырды” реклама кылууда
Шабдан Болотбеков “Чыпалак баатырды” реклама кылууда
Аскерлер чек ара бузгандарды атабы?
Аскерлер чек ара бузгандарды атабы?
“Апалар,  сураныч, тойдо бийлебей эле койгулачы...” деп суранышты
“Апалар, сураныч, тойдо бийлебей эле койгулачы...” деп суранышты
Россиянын Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси дүйнөдөн кайтты
Россиянын Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси дүйнөдөн кайтты
Асел Турдалиеванын концерти башкаларга сабак болоор
Асел Турдалиеванын концерти башкаларга сабак болоор
​Усэйн Болт футболдон үмүтүн үздү
​Усэйн Болт футболдон үмүтүн үздү
Бийчи Атай Өмүрзаковду кимдер коркутуп жатат?
Бийчи Атай Өмүрзаковду кимдер коркутуп жатат?
​Кыргызстандын волейбол боюнча курамы дүйнөлүк рейтинге чыкты.
​Кыргызстандын волейбол боюнча курамы дүйнөлүк рейтинге чыкты.
 “Мен Тянь-Шань” – “Делбирим”  тасмаларында кандай айырмачылык болот?
“Мен Тянь-Шань” – “Делбирим” тасмаларында кандай айырмачылык болот?
Кайсы ыкмада уктоо ден-соолукка зыян?
Кайсы ыкмада уктоо ден-соолукка зыян?
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Рябушкин камакка алынды