Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды

Өмүрбек Текебаев ооруканага жаткырылды
1-Авг. 2018, Шаршемби, 12:19

“Ата Мекен” социалистик партиясынын мурунку лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаев дарыгерлердин көрсөтмөсү менен ооруканага которулган.

Буга чейин айрым депутаттардан түзүлгөн комиссия камактагы саясатчы Текебаевдин ден-соолугу начарлап кеткенин айтып, дарыланууга муктаж экенин билдиришкен.

№47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Текебаев 2017-жылдын 26-февралында “Манас” эл аралык аэрапортунда Стамбул шаарынан учуп келгенде кылмышка шектүү адам катары кармалган. Ал 2010-жылы “Мегаком" компаниясын көзөмөлдөөгө кызыккан жактардан өтө ири өлчөмдөгү акча каражатын алуу болгон” деген жүйөө менен “коррупция” беренеси боюнча айып тагылып, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимди Шаардык, Жогорку сот да өзгөртүүсүз калтырган.

Бирок, Өмүрбек Текебаев өзүнө тагылган айыптоолорду “бийликтин саясий куугунтугу” катары сыпаттап келет.

Айтмакчы, аны менен бирге Дүйшөн Чотонов да камакка алынып, азыркы учурда Молдовановкадагы №27 абакта сегиз жылдык мөөнөтүн өтөп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
Актриса айылга 4 миллион евро керээз калтырды
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
​Эртең Кыргызстан менен Жапон футболчулары беттешет
Цукерберг
Цукерберг "Iphone" колдонгонго тыюу салды
Бишкек-Ош  жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Бишкек-Ош жолунда газ ташуучу унаа өрттөндү
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди"
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
Пафф Дэддинин жубайынын сөөгү Лос-Анджелестеги үйүнөн табылды
​Кадыров беш жаштагы спортчуга
​Кадыров беш жаштагы спортчуга "Mercedes" белек кылды(видео)
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Россияга күйүүчү май ташылып кетүүдө
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
Казакстан ракета кырсыгы боюнча актыларды Россияга жөнөттү
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
2017-жылы сатып алуулар порталында 72,8 млрд сомго конкурс жарыяланган
 «Instagram”  бир саамга иштебей калдыбы?
«Instagram” бир саамга иштебей калдыбы?
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
​Криштиану Роналду үйлөнүүнү чечти
"Бишкек мен сени сүйөм" инсталляциясын ким сындырганы аныкталды
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
​ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү жогорулайт
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратура бир нече аскерге кылмыш ишин козгоду
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты
Президент экс-премьерлер жана спикерлер менен качан жолугушарын айтты