Сатыбалдиевдин абактагы абалы начарбы?

  Сатыбалдиевдин абактагы абалы начарбы?
29-Авг. 2018, Шаршемби, 17:07

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын тергөө абагында жаткан экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, Сатыбалдиев баарлашуу учурунда жүрөгүн медициналык кароодон өткөрүүсүн суранган. Анын айтымына караганда, 2013-жылы жүрөгүнөн операция болуп, маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп турган. Дарыгерлер ага көп басууну жана жүрөгүн текшертип турууну сунуштаган. Ал ошондой эле камакка алынгандан кийин ден-соолугу начарлап, түнкүсүн уктай албай жатканын билдирген.

Акыйкатчынын аппараты тергөө абагынын жетекчилигине расмий кат жолдоп, атайын кызматтын жетекчилиги менен жолугушуу өткөргөндө, Сатыбалдиев жакынкы арада комлекстүү текшерүүдөн өтө тургандыгын белгилеген.

Экс-өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге 20-июнда УКМК тарабынан “Бишкек ЖЭБ Модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6- бөлүмүндө (кылмышка шериктеш болуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!