Депутаттык комиссиянын тыянагы чыгарылат

Депутаттык комиссиянын тыянагы чыгарылат
13-Апр. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2010-жылдагы мародерлук, банк ячейкаларынан акча алуу, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин, Кадыржан Батыровдун мүлктөрү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жарыяланат.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мародерчулук боюнча депутаттык комиссия өткөн жылдын ноябрь айында түзүлгөн.

16-марттан баштап Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы 2010-жылдагы талап-тоноочулук боюнча козголгон кылмыш ишти иликтеп баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!