​Тышкы иштер министрлигин ким жетектейт?

​Тышкы иштер министрлигин ким жетектейт?
16-Окт. 2018, Шейшемби, 10:56

Тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талакерлиги сунушталууда. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазев Тышкы иштер министри кызматына Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековду сунуштады.

Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. 2016-жылдын апрель айынан бери Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматын аркалап келе жатат.

Ал Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе, катчы, бөлүм жетекчиси кызматтарын аркалаган. Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болгон.

Эскерте кетсек, буга чейинки тышкы иштер министрлигин жетектеп келген Эрлан Абдылдаев өз каалоосу менен иштен кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!