Жээнбеков Түмөнбаевге сөгүш берди

Жээнбеков Түмөнбаевге сөгүш берди
14-Апр. 2017, Жума

Премьер министр Сооронбай Жээнбеков экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге сөгүш берди.

Өкмөт башчынын маалымат кызматы билдиргендей, министрдин орун басарына
мындай жаза Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
долбоорлорун кабыл алууда системалык түрдө даярданып барбагандыгы жана
өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин да Экономика министринин орун басары Элдар
Абакировго да өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн сөгүш берилген
болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!