ЕАЭБ: он документке кол коюлду

ЕАЭБ: он документке кол коюлду
14-Апр. 2017, Жума

Евразия экономикалык бирлигинин жогорку жогорку евразиялык кеңешинин жыйынында жалпысы болуп 10 документке кол коюлду.

Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян
билдиргендей, алардын ичинен алты документ 2017-2018-жылдарга карата
экономикалык багытты көздөйт.

“Бул документтер маанилүү, кыска жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү камтып,
бүгүнкү жыйында коюлган маселелерди чечүүгө багытталат. Бардык кол
коюлган документтер жыйындын катышуучулары менен макулдашылган”,-деди
Саркисян.

Ал кошумчалагандай, жетинчи документ Казакстандагы кадрдык
өзгөрүүлөргө багытталса, сегизинчи жана тогузунчу документ бажы
кодексине байланыштуу.

ЕАЭБдин жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны
ушул жылдын 11-октябрында Москвада өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!