Момбеков: Атам экөөбүзгө бир штан, кантип чыгабыз бул кыштан (видео)

Момбеков: Атам экөөбүзгө бир штан, кантип чыгабыз бул кыштан (видео)
15-Ноя. 2018, Бейшемби, 15:05

Өкмөткө адвокат болбоого чакырган депутат Рыскелди Момбеков адатынча жамактап сүйлөп, оргуштаган сөздөрүн сыртка чыгарып алды.

Дегеним, ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып: “Өкмөткө адвокат болуп жүрүп өзүбүздүн баркыбызды кетирип бүтө турган болдук. Кычыраган суукта кычыраган өкмөт келди. Бул Өкмөт кыштан чыгабы же тыштан чыгабы? Атам экөөбүзгө бир штан, кантип чыгабыз бул кыштан дегендей, жазга жетеби же сазга кирип кетеби аны серепчилер айтсын. Бирок, күн тартибине келгенде күчкө салганды токтотушубуз керек” - деген сөзүн айтты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!